2021-10-2807:13

Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болушу менен куттуктады

2019-04-27 19:08 347

Өлкө башчы куттуктоо телеграммасын жиберген.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу мындан ары да өнүгө берерине ишенерин белгилеген.

краинада президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өттү. Анда Владимир Зеленский менен өлкө президенти Петр Порошенко ат салышкан. БШКнын маалыматына караганда, Зеленский шайлоочулардын 73,22 пайыз добушун алып жеңишке жетти. Ал эми Порошенко шайлоодо утулганын моюнга алган.


автор:

Бөлүшүү