2019-11-1518:44

Жума ичинде Тогуз-Торолуктар дүйнө жүзүн дүнгүрөттү

2019-07-06 14:01 3599

Жума ичинде Тогуз-Торолуктар дүйнө жүзүн дүнгүрөттү. Кыргызстандын географиялык картасында Тогуз-Торо өрөөнү борборунда жайгашкан. Өтүп бараткан жума да өрөөндөн өрүш алган сулуу, балбан, таланттуу жигит дүйнө элинин коңүл борборунда болду. Тоосу бийик, жаратылышы таза, аккан суусу тунук жерден таланттуулардын мекени орун алганын, Тогуз-Тороолуктар тастыктайт. Чындыгында эле көп кырдуу чеберлер, кадрлар ушул жерден чыгат. Эгерде ага жакшылап байкоо, анализ жүргүзсө. 

Он беш жылдан бери Европа өлкөлөрүн кыдырып өзүнүн актёрлук чеберчилигин өнүктүрүп келген Аида Өмүрбекова Италия өлкөсүндө жашап, анын тилин өз тилиндей өздөштүрүп алган. Рим-Париж-Лондон-Дублин-Москва-Львов шаарларын кыдырып кыска кино тасмасында башкы ролду ойногондугу үчүн байгелүү орунга жетишкен Аида сулуулугу менен Европа жылдыздарын суктандырып келет. 

Дагы бир Тогуз-Торолук талант 23 жашта Мырза Абдразаков Россиянын экинчи борбору болгон Санкт-Петербург шаарында өткөн фестивалда “парихмахер-стилист” номинациясынын жеңүүчүсү болду. Сулуулуктун ажарын ачуу маданиятын чеберчилик менен көрсөтүп берген. Бүгүн ал кардарлары көбөйгөн стилист боло алды. 

Жума ичинде ушул өрөөндөн чыккан балбан, айтылуу Кожомкул көтөргөн ташты көтөрүп, алдына эч кимди салган эмес. Атайбек уулу Келдибек, Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдык тойунда 630 кг ташты көрүчүлөрдүн, топ элди кубандырып көтөрүп берген. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышкан. Азамат! Тогуз-Торолуктар силерден мыкты өлкө кадрлары да чыгат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү