2019-12-0906:37

Бардык баскычтарды басып келген Ак үйдөгү тажрыйбалуу кадр. 

2019-07-27 18:43 3279

Бардык баскычтарды басып келген Ак үйдөгү тажрыйбалуу кадр. Дайыма сындап келип, ак үй кадрдан аксады дегенибиз менен, тажрыйба топтоп келгендерден кур эмес. Биз кеп кылып жаткан Президенттик аппараттын, өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев болмокчу. Жөнөкөй жумушчудан мамлекеттик кызматтан жетекчиликке жеткен, жетик өлкө кадры болуп келеатат. Айылдан баштап ак үйгө чейин кыбырап кыр ашып келди. Айыл чарба адиси, айыл башчы, төрт райондо аким, шаардык кеңештин төрагасы, вице мэр, мэрдин милдетин аткаруучу, облустагы губернатордун биринчи орун басары, айыл чарба министри, өкмөттүк, президенттик аппаратта уюштуруу иштеринде иштеп келди. Коллектив, эл менен иштөө кыраакылыгына жетти. Айылдык, райондук, областык кеңештин депутаты болду. Коомчулукта таза обройу бар барктуу жөнөкөй адам. Мактоону, пиарлыкты жактырбайт. Бирок кандай болгон учурда да Турдуназир Бекбоевич боюнча болгонун жазып койдук. Ак үй мыктылардан кур эмес.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү