2019-11-1519:21

Учкундан жалың тутанат. 

2019-10-08 22:19 91

Учкундан жалын тутанат. Жарык чачкан жалындын учу көздөрүнө эч нерсени илбей калган байлардын башына тиери бышырып жаткандай. Качан бышып жеткенде, көкүрөктөрүн каккан көпөстөрдү көтөрүп чаппаса болду. Тарыхка көз чаптырып көрсөк, мындан жүз жыл мурун 1917-жылдын 7-ноябрдагы тап күрөшүнүн табы "учкундан жалын тутанат" сөзүнөн башталган. Учурда байлар элге жакпай баратат. Анын себеби, алар эл менен иши жок, өздөрү менен өздөрү табакташтар. Байлар, байлар менен байырлаган, карапайым калкты "карып" катары көрүп калгандай сезим калтырып келишүүдө. Буга акыркы Руслан Казакбаевдин көпөстөргө чакырып той бергени күбө болду. Раиса менен Раимдин Казакбаевдин казанынан тамак жегени...Элдин көзүнчө касташып, той үстүндөгү кошумча кошо келгенде табакташ-достор. Көпчүлүк депутаттардан, байлардан уят-сыйыт кеткенин ачык көрүп тургандай. Кыргыздын каны табакташына терең көңүл бөлгөн. Мамлекеттин аркасынан байыгандар, мамлекеттин ойлобой калышты. Элди байысын дебей, эл үстүнөн биз бай болуп жүрсөк деген туңгуюкка алып кетип баратканын, баары билип калышкандай. Анткени, мамлекет-бул эл. Эгерде байлар элден бөлүнүп калса, анда Бөрүлүк жолу башталат. Ал жол тап күрөшүнүн башталышы...Жөнөкөй адамдар жөн жеринен көз жүгүртүп калбайт. Ушундай көз жүгүртү кербези келип чыкты. Бул кербез күүгө айланып күүлөнүп кетсе, тең укуктуулуктун революциясы башталышы мүмкүн. Учкундан жалын тутанып "акчабай" заманы артка таштап, жаңы заманга умтулуу жаралат. Заман эскиргенде эсире баштайт...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү