2019-11-1518:31

Текебаев элдин көзүндө, кеп-сөзүндө. 

2019-10-14 21:42 202

Текебаев элдин көзүндө, кеп-сөзүндө. Калайык-калкка караан болчу инсанды бардык жактан карап турган, бул илгертен бери илгерилеп келе жаткан көрүнүш. Көрүнүктүү Өмүрбек Текебаевга көз салып, кайда болбосун көрүп турат жана көргүсү келет. Көпчүлүктүн көзү бул адамда болуусу, анын коомдогу, мамлекеттеги ордун көрсөтүп, өзгөчө орун берип турат. Алдыдагы Текебаевди алды жактан көргүсү келегендердин саны көп экени, абакта жатканда да, абактан чыкканда да байкалып. Байкоо салынып келет. Мейли жөн эле жөнөкөй адамдар менен бассын. Коомдук жайларда коомдук ишмерлер менен болсун, той-тороподо да тойлосун, чакырылган жерде коноктолсун, конок тоссун, кандай жагдай болбосун Өмүрбек Текебаевдин карааны караан. Той демекчи, жакында Текебаев Жогорку кенештин депутаты Руслан Казакбаевдин баласынын тоюна чакырылгандыктан барды. Конок койдон жоош. Текебаевдин, кандай коноктор чакырылат анын иши эмне. Аны тойдун ээси өзү билет. Ал жерде сегиз кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабанов менен тойдо бир столдо отурду. Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда, ага жагалданбастан аны ээрден шыпырып түшкөн. Учурда Өмүрбек Бабанов менен чогу отургандан бийликтен коркуп эч ким жолобой турган кези. Мына ушундай кыйын маалда Текебаевдин, Бабанов менен сүйлөшүп отурушу эч кимге көз караанды эмес позициясын көрсөтүп турат. Адамдын адамгерчилиги колунда бийлик турганда эмес, башына иш түшкөндө билинет. Ошондой эле Атамбаевдин баласы Кадыр Текебаевдин жанына келип, сүрөткө түшүүсүн Текебаевден суранган. Текебаевдин жанына бала келди. Баланын, кантип шагын сындырат. Эгер сүрөткө түшпөй койсо, ошондо төмөн түшкөндүк болот эле. Өз убагында Алмаз Атамбаев Текебаевди каматканы үчүн кейиген, Кадыр Атамбаевдин келүүсү кейиген атасынын жолун улап кечирим сурагандай болду. Текебаев ушундайы менен эл оозуна алынат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү