2019-11-1519:08

Келдибековга, Казакбаевдин тойунда сөз берилген жок. 

2019-10-16 19:59 177

Келдибековга, Казакбаевдин тойунда сөз берилген жок. Таарынсаң Таласка кет кылдыбы, Акматбек Келдибековга той учурунда сөзгө чакырылбагандыктан таарынганын көрсөткөндөй, көпчүлүктүн катарынан чыгып кетти. Ушундай казналуу-казандуу тойдо Келдибековдун келгени көзгө илинбей калганы, анын кадырынан кабар берет. Жанында отурган Раиммиллион Раиса Атамбаеваны баласы Кадыр менен кирип келгенин көрөрү менен, тойдон чыгып кеткенге шашкан. Раим көпчүлүккө көп сөз болгону менен анын өз позициясы бар экен. Позициясын көрсөтүп, Раисаны көргүсү келген жок. Ошентип той жыйынтыгында Келдибековдун кеп жок, Раим озу жок болуп Казакбаевдин баласынын үйлөнүү үлпөтү аяктады. Кызык, таарынганы, чыгып кеткени той кошумчасын кошпой коюуштубу...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү