2019-11-1519:40

Шайы кетип шалдыраган Шаилдабекова. 

2019-10-18 12:30 155

 Шайы кетип шалдыраган Шаилдабекова. 2020-жылдын апрель айында Жогорку Кеңешке шайлоо болот.Мындай маалыматты Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шаилдабекованы кабыл алганында маалым болду.Кийинки шайлоо дагы мурунку шайлоо кандай өтсө,ошонусунан жазбайт.Мунун бирден-бир себеби,Атамбаев алкагындагы Шаилдабекова башында турган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн алмаштырылбаганы Мурунку көч,кийинки көчтү күчкө салып түзөп турат.Алдын-ала маалыматтарга караганда Атамбаев болбосо дагы анын жээк которгон жан-жөкөрлөрү,айдоочу Икрамдын сөзгө чоркок коркок акчалуулардын шайлоого камданып жүргөндүгү күндөн-күнгө күн карама, күн тийдилер “бирөөнүн”босогосун сагалап,тизмеге кирип жаткандары айтылып чыгууда.Ар бир добуш миң сомго айланган шайлоо кайра айланып келбесе болду. Шайы кетип,шалдыраган Шаилдабекованы төрайымдык төрдөн түшпөсө эски тастын кейпи болгону болгон.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү