2019-11-1519:01

Жайнак Үсөн уулу "Манас" баатырды тааныбайт. 

2019-10-22 13:32 137

КТРКдагы жаңжал. Каражащик аталган КТРКда дагы чуу чыкты.Продюсер Ырыс Окенованын массалык мааалымат каражаттарындагы билдирүүсүндө, КТРКны “Манас” атаны тааныбаган Жайнак Үсөн уулу жетектеп турат. Экөөнүн ортосундагы келишпестик арак ичимдигинин , “Манас” деп коюлушу туурасындагы ток-шоу талкуу программасынан күч алып кеткен. Илим Карыпбековдун убагында “КТРК өзү тартып жатат”- деген көкүрөгүн какма сөзү да калпка чыкты.Көрсө аны демөөрчүлөрдүн эсебинен 25миң долларга тартылып жаткан экен. Ага дагы Жайнак Үсөн уулу каршы чыгып,токтотуп койгон. Бул теле сериялдын чыры 25миң доллардын ордуна 250миң доллар деп “Азаттыктын” журналистери жарыялап жиберген. Учурда Ырыс Окенов өлкө башчысына кайрылып,арыз жазган.Ал кандай каралат, аны убакыт көрсөтөт .Акыркы учурда КТРКнын жетекчисине кесипкөй эмес, чиновник креслого айланганы элдин арасында көп айтлуучу болду.Байкоочу кеңештин башында Атамбаев жыттанган Жыпар Жекшеев турганда КТРКдан жыргалдуу жыт чыкпайт окшойт.Айта кетсек Жайнак уулу Үсөн банкирлик кесипте көп жыл эмгектенген. 

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү