2019-11-1518:31

Чындап эле Чыныбайды кара булут каптады. 

2019-10-23 18:15 498

Чындап эле Чыныбайды кара булут каптады. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты КР ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбековдун ишкердик, сатып алуулары боюнча текшерүүнү генералдык прокротурага тапшырган. Ага Мелис Аспековдун арызы себеп болгон.Арызда Бишкектеги ликёр-арак заводун жасалма жол мене сатылышы жана банктагы акча жүгүртүү ыкмаларындагы рейддерлик ыкмалары жазылган. Көптөн бери ачылбай көмөскөдө көлөкөлөп келген кылмыш ишинин бети,эми ишке берилбесе болду. Айта кетсек,мурунку спикер азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго атандашып Президенттик шайлоого катышмай болоордо аны СДПК партиясынын жалпы жыйыны талапкерликтен шыпырып түшкөн.Тептим,тептим тереке чыктым болгон Чыныбай Акунович агынан жарылса да колдогон эч ким жок. Иши кылса, иши кандай жүрөт,прократура аныктамай болду. 

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү