2019-11-1518:54

Раисанын Атамбаевга айтканы:  

2019-10-29 12:44 1004

 

Раисанын  Атамбаевга айтканы: Алмазбай, сенин акыбалыңды сураган бирөө жок.  Кимдерди  жаныңа алып жүргөнүңдү билип жаткандырсың.  Аттуу –баштуулар менен бирге болбой,  Баткенден келип эт чаап жүргөн Икрамды айдоочу кылып айдаттың.  Дайыны жокту чоң кызматтарга дайындап,  жарандарга жаман көрүндүң. Жан сакчыларыңа жан тартып, алар сага эмес, сен алардын жан сакчысы болуп калдың. Жамбаштап жаткырып  ”Жамбаш” устуканын тарттырдың. Аркаңды  жышып  жүргөндөр артын карабай качты. Башкасын  кылгандар башка жакка баштары ооду.Оодарылган дүйнөдө баары ”ойт” берди.  “Жашабагырлар” таенесинин төрүндө отуруп алып, сага  жалдырагандар сени жамандап  кийинкиге жагалданды.Көрбөгөндөрдүн көргөн күнү  курусун. Сени мактагандар, учурда манчыркап  сен ким  элең деди. Чет өлкөдөн  “Вилла”  белегин cунуштагандар, вилка-кашык  сунган  эмесмин деп да чыкты. Жаманга жакшылык кылганың курусун, ошолорду  тузум  урсун!  Капа болбо, бары жакшы болот,  мен Казакбаевдин тойуна кеттим!  Светти өчүртүп алдыңбы?

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү