2019-11-1518:43

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жаш курагы белгиленет

2019-11-01 13:00 165

Өлкө башчысынын катышуусунда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жаш курагы белгиленет. 2019- жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын “Токтогул Сатылганов” атындагы улуттук филармонияда кыргыз элинин таланттуу уулу Сүймонкул Чокморовдун юбилейлик 80жашына карата салтанаттуу маданий-агартуу кечеси өтөт. Ага бийликтин бардык бутактары, коомдук уюмдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, массалык-малымат каржаттары жана талант-чеберлери, ырчы-чоорчулар катышат. Андан бир күн мурун 2019-жылдын 14-ноябрында Советтик кинонун актёру С.Чокморовдун баскан жолун түбөлүккө калтыруу, таарых барактарына барактоо багытында элдик марафон өтөт. Марафонду “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фонду уюштурат.

 


автор: Баян

Бөлүшүү