2019-11-1519:44

Кыргыз соттору  80ге барып калган карыяны какшатты  

2019-11-01 13:53 445

Кыргыз соттору  80ге барып калган карыяны какшатты. Көп жылдан бери Бишкек шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн  тургуну  Ярлык Халитов өзүнүн жашаган үйүнөн  куулуп чыккан. Анын психологиялык жактан орулуу уулу  Амир  Халитов жана келини Камила Алиева карыган атасын  эшикке чыгарып коюшкан. Атасынын ооруп жатканынан  пайдаланып  40 чарчы кв2 метр үйүнүн аянтчасына белекке берүү жолу менен кол койдуруп алышкан. Турган турак жайдын жалпы аянты 180кв 2 болгон. Ошентип, уулу менен келини ал жерде эки үй болгондуктан, баарына ээлик кылышкан. Көчөдө калган карыя , балдарынын кылык-жоругуна нааразы болуп, сотко берет. Соттон жыйынтык чыккан жок. Сот келини менен баласына улам караган сайын чечип бере берет. Бул процессти караган соттор, Свердлов райондук  соту Жылдызкан Ибраимова,  Жогорку соттогу сот Гүлбара Калиевалар, Халитов  аксакалдын айтуусунда акыйкатсыз  чечим чыгарышкан. Акыры барбаган жери калбай калгандыктан, укук коргоочу Бакыт Мамбеталиевге кайрылат.  Учурда кыргыз соттору караган маселе Женевадагы Омбудсмен штабынын кароосуна өттү. Эми Кыргызстандан  чечилбеген  бир жарандын укугун Европа карайт.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү