2019-11-1518:32

Толгонайдын толкунундагы журналистер катышат    

2019-11-01 14:27 131

Толгонайдын толкунундагы журналистер катышат. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков массалык-маалымат  айдынындагы жетекчилер  менен  жолугушуусу, президенттик аппараттын пресс катчысы Толгонай Стамалиеванын көңүлүнө төп келген журналистер гана катыша алат. Мындай  билдирүүнү ойун эркин билдирген эркин журналистер айтып чыгууда. Өзгөчө Толгонай  айымдын көңүлүн  оорутпаган КТРКнын башчысы Жайнак Үсөн уулу баштаган  медиа жетекчилери. Азырттан эле ал жолугушуу кандай өтөөрү малым болгондой. Качанкыга  чейин өлкө башчысынын  ойундагысы ишке ашат. Бакиевди жайлаган Малеваная, Атамбаевди жайлаган  Фариддердин  изин баскандар, дагы эле ошол из менен жүрүшөбү. Ушундайлардын айынан КТРК жетекчилигине  идеологиянын башында турган жетекчилер эмес, акчаны жакшы көргөн  “акчабайлар”  келип жатат. Кыргыз эли сөз эркиндиги менен жашап, сөзгө конок берген. Сөздү тыюу бул улутту тыюу экенин качан эске алышат. Айта кетсек  өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 2-ноябрында  журналистер менен жолугушуусу болот.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү