2019-11-1518:30

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Тогуз-Торолуктар. 

2019-11-02 20:22 3050

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Тогуз-Торолуктар. Дарыгер Расул Султангазиевди Республиканын булуң-бурчунан келген бейтаптар издеп келип дарыланышат. Жакында жеңил колдуу врач ортоазия өлкөлөрүндө биринчи жолу адамды жасалма жол менен кан камсыздалып, өзүнүн боорун өзүнө тазаланып салынган операция жасалып, адам өмүрүн өлүмдөн сактап калды. Мындай операция дүйнө жүзүндө 170 жолу гана жасалган. Ушундай тажрыйбасы менен дарыгер Расул Султангазиев дүйнө жүзүнө таанылды. 

Дагы бир Тогуз-Торонун кулуну Максат Жээналиев Кытай, Корея, Англия, Канада, Россия өлкөлөрүнүн инвесторлору менен тыгыз иштегендиктен Евроазия өлкөлөрүнүн экономикалык союздук биримдигинин инвестору деп таанылып, Евроазия биримдигинин ЕАЭБдин"ардактуу атуулу" наамынын ордени Москва шаарында тапшырылды. Айта кетсек өндүрүшчү Максат Жээналиев Кыргызстанга алгачкы жолу жаңы технологиялуу  мобилдик көчмө алтын ылгоочуу заводдун иштешин ишке ашырган. Ал алгачкы Кара-Балтадагы союздан калган калдыктарды иштетип 14 тонна алтын кен рудасы өндүрүлгөн. 

 Бийик тоонун кызы Чынара Итигулова өз элине күжүрмөн кызмат кылып, жыйырма жылдан ашуун, элдик салттуу музыкага салым кошуп келет. Атайын элдик аспаптардын, комуз күүсүнүн угуучуларын көбөйтүү үчүн КТРК телеканалынан "бекбекей", "шырылдаң" автордук программаларын ачып келген. Саймалуу-Таш өнөрпоз ырчылардын тобун түздү. 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү