2019-11-1519:00

Кыргыз элинин шооруна шайлангандар

2019-11-05 11:30 186

Кыргыз элинин шооруна шайлангандар.  Мамлекет Акаевдин арындай, Бакиевдин бетиндей, Отунбаеванын ойундай, Атамбаевдин алкымындай болду.  Ар кимдин тушунда ар кандай чайналып келдик. Алар ошондой чайпашты. чайпалдык.  Акаевда ар деле жок экен. Алтынга байытып Швецария кылам деди. Кылам дегенинен "кылам" эч нерсе жок. Алтыны бар өлкөнү кедей өлкөгө кептеди. Кептелген кезден чыга албай жүрөбүз. Бийликтеги туугандык Акаевден башталса Бакиевде ал күчүнө кирип күчөтүлдү. Ак үйдө бир туугандар, уул-келиндери, бөлө-жээндери, кайнжуртуна толуп, бети жок Бакиевге бет алды. Акаевчи-Бакиевчи болуп бөлүнүүлөр башталды. Интеллигенциянын оозу жабылды. Киши өлтүрүүлөр өрүш алды. Адамды жоготуу-жок кылуу саясаттын чордонунда болду. Аягында революциячыл чор тамандар кубалап чыкты. От алган элди токтотуш үчүн Отунбаева ойундагысын орундатып Бакиевди, Кадыржан Батыровду качырды. Андан кийин алкымдуу Алмаз  Атамбаев такка отурду. Отурары менен жели желдей жайылып осура баштады. Сасыгы сазга батты. Эт чапкандарды этке тойгузуп бийлик, байлык, мандат берди. Айдоочусу эссирди, күзөтчүсү көптүү, катчысы кат-кат казы карта байлап семирди, көпөстөрдүн  көзү көрбөй көр болду. Акыры ушулар аңга аңтарды. Мына биздин өлкөбүздүн башына түшкөн түйшүктөрү. Өлкөнү ким башкарса өлкө ошонун өңүндөй. Кийинкисин кийин айтам, ага чейин баары жыйынтыктарын. 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү