2019-11-1520:05

Бабанов, Текебаевге уксус берди.  

2019-11-05 12:20 507

Бабанов, Текебаевге уксус берди. Саясатчы Өмүрбектер КР ЖКнын депутаты Казакбаевдин баласынын тойунда чогу бир столдо отуруп калышат. Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, мындан бир нече жыл мурун эркек кишинин семиргени авторитет болсо, азыр арыктап жеңил жүрүү, жашоосу менен күрөшүп ден-соолугун кароого, жашарууга жатат. Чынында эле жетекчинин креслого отурары менен семирип кетиши анын көп жеп-ичкени, жемкорлугунан да кабар бериши мүмкүн. Мүмкүн, эмнеге семирди дегендей, укук коргоо органдарына да шек жаратышы ыктымал. Айтор, ал тойдо арыктоо үчүн Өмүрбек Чиркешевич кеп салса, Өмүрбек Токтогулович эмнеден арыктаганын айтып берип, Россиядан ала кеген “Уксусту” белекке берет. Өмүрбек Текебаевдин күйөрмандары Бабановдун уксусун ичпөөгө чакырышып, спорт- сергек жашоого үндөшкөн. Бирок медиктердин кеңешинде уксус чынында эле арыктатат. Ошондой болсо да уксустан этият болуш керек, өзгөчө лидер саясатчылар...                     


автор: Баян

Бөлүшүү