2019-11-1519:51

Тарыхка из салгандар  

2019-11-06 17:37 252

Тарыхка из салгандар. Кыргыз элинин багына Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбековдар жаралган. Канчалаган  кыйынчылыкты башынан өткөргөн, өмүрүн кыргыз элине, анын өлкөсүнүн  пайда болушуна пайдубал түзгөн. Эгемендүүлүктүү  алгачкы түптөгөндөр.  Алгач  автономиялуу область, андан кийин Кыргыз АССРи болуп  биринчи  Республика башчылары  Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбековдор болгон.  Акыры репрессияга туш болуп, өлкөгө өмүрүн бергени менен саясаттын курмандыгы болушкан. Ж.Абдырахманов, И.Айдарбеков, И Раззаков томолой жетим болгондуктан “балдар үйүндө” тарбияланышкан. Ушул тарыхый инсандардын,  мамлекетке өмүрүн берген  мамлекеттик жетекчилердин издери  бир эстелик менен гана чектелип калууда. Андан кийинки Турдакун Усубалиевдин ысымын өкмөттүн эски аянтчасына ысымын  берүүдөн мурун, андан мурунку жетекчилерди эске алып  ирети  менен эмгектери эскерилип, ысымдары берилип келсе…..  Ал  эми Бишкек шаарынын атынын өзгөрүлүшүнө каршы  пикирим бар.

 


автор: Максат Жээналиев

Бөлүшүү