2019-12-0906:24

Көк жал Карышкырлар куйругун түйгөн заманда жашап жатабыз.    

2019-11-18 14:43 203

Көк жал Карышкырлар куйругун түйгөн заманда жашап жатабыз. Өзүнүн бийлигин, көптүгүн көрсөтүп иттер үрө баштады. Же, иттердин кыйраткан иштери жок. Ит бары-бир иттигин кылат. Көп болуп кетсе көпкөндүгүнө салат. Ит жандуулар бийликке келүү үчүн шайлоо өткөзмөк болушат. Шайлоонун дата күнү коюлат. Ошентип ит жандуулардын жол башчысы шайланмакчы болот. Ал шайлоого жолбун иттер , күн карама иттер,короо кайтарган иттер, тоо ташта жүргөн ит жандуулар Карышкырлар, Чөөлөр катышат. Көк жал карышкырлар жалындуу сүйлөгөнү менен анын карамагында карышкырлардын саны аз болгондугунан добушту аз алчудай. Чөөлөр, ким көпчүлүктү түзсө ошого чөгүп берчүдөй. Аларга Көк жал карышкырлардын ишеними жок. Шайлоо убактысы келип шайлоо башталды. 120 орундук талашка түштү. Көк Жал Карышкыр айтчу сөзүн айтып турду. Иттер менен Көк жалдын ортосунда чөөлөр курчап турду Иттер иттик менен алек болду. Акырында үрүп жатып иттер алдыңкы орунга чыкты. Экинчи орунду Чөөлөр алды. Аз добушу менен Көк жал карышкырлар эптеп илинип калды. Иттер дароо иттигине салып, жалпы ит жандуулардын жол башчысын дайындап алышты. Жол башчы ит болду. Айланасында иттер үргөндө Көк жал Карышкыр кайсы бир убакытты күтүп, куйругун кыпчып турмай болду. Иттерге тийише турган жан жок, ал эми Көк жалды атып салчу чекеден чыкчудай. Заман эми жаңы чыккан Көк жал Бөлтүрүктөрдү күтөт.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү