2019-12-0906:11

С.Чокморовдун баркын билбеген Парламент менен Өкмөт  

2019-11-18 15:34 822

Чокморовдун баркын билбеген Парламент менен Өкмөт. 2019-жылдын 14-ноябрында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80жылдык маарекесине карата, анын айкелин Ала-Тоо аянтына тургузуу жана экинчи өмүрүн улантуу багытына багыт алган элдик марафонго бир дагы КР ЖКнын депутаты, бир дагы Өкмөт мүчөсү келип, салымын салган жок. Жадагалса, жылуу сөздөрүн да айтышкан жок. Мына бүгүнкү биздин Өкмөт менен Парламенттин жүзү. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти Сооранбай Жээнбеков 100,000 (жүз) миң сом өз салымын кошкон. Аны Президенттин кеңешчиси Султан Раев алып келген. Ошондой эле өлкө башчысынын катышуусунда Бишкектин “Токтогул Сатылганов” атындагы улуттук филармониясында советтик киноактёр, сүрөтчү талант ээси Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык майрамына карата салтанаттуу кече өттү.   


автор: Баян

Бөлүшүү