2019-12-0905:52

Маалымат департаменти 81 млн сомду жеп кетти.

2019-11-19 14:41 718

Маалымат департаменти 81 млн сомду жеп кетти. Мындай билдирүүнү КР ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин кароодо айтып чыкты. Аталган министрликтин алдындагы маалымат департеманти түзүлөөрү менен, ошол кездеги маалымат жагын тейлеген министрдин оорунбасары Айнура Темирбекова баш болуп, Бактыгүл Ноорозбаева төш болуп санариптештирүүнүн шылтоосу менен 81 млн сомду жеӊ ичинен жашырып алышкан. Учурда тергөө амалдарында кылмыш бети ачылып иликтенип жаткан учуру. Эл өкүлүнүн айтуусунда 15 телеканалга каралган акча каражаты 8 гана телеканалга жумшалган. Калган 8 телеканалдын акчасы желип кеткен. Бүгүн маданият министрлигиндеги чыр дагы уланууда. Ал чырдын башында Атамбаевдин идеологу Фарид Ниязов турган. Анын аткаруучусу АйнураТемирбекова болгон. Ошонун учу узарып,азыркы тапта 64 райондук-аймактык гезит-журналдар жабылат. Областык телекомпаниялар “Медияборборго” айланат. Дагы эле болсо Фариддин кадрлары КТРК, ЭЛТР да иштеп жатса, айтылуу Айнура Темирбекованын кайнсиӊдиси С.Сарногоева маалымат департаментинин жетекчиси.

 

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү