2019-12-0906:09

Эми компюьтердин мээсин чаккан адистер даярдала баштайт.

2019-11-19 15:07 1034

Эми компюьтердин мээсин чаккан адистер даярдала баштайт. Жакында “Дордой” бирикмесинин президенти Аскар Салымбеков менен Корея мамлекетинин Инха университетинин ректораты менен келишим түзүлдү. Бул “Инха” окуу жайы 1954-жылы негизделген. Азыркы тапта 60дан ашуун ар кандай тармактагы адистерди даярдап чыгат. Дүйнө жүзүнүн булуң бурчунан келишип билим алышат. Окуу жайда 70 ден ашык мамлекеттен келип окушат. Андан даярдалган адистер дүйнөлүк SAMSUNG, LG, HYNDAI, “MOTOR COMPANY” компанияларында иштешет. “А.Салымбеков жана Инха” компюьтер жаңы технология жогорку билимдүү окуу жайы ачылат. Эмдиги жылдан баштап жаңы университеттин имараты курала баштайт. Эки жыл Кыргызстандан билим алышса,калган эки жылын Корея өлкөсүнөн билим алышат. Окуу программалары кыргыз, англис корей тилдеринде өтөт. Окуу жайды бүтөрөрү менен адистер жумуш менен камсыз болот.

 


автор: Баян

Бөлүшүү