2019-12-0905:52

Айэркин Саймаитинди тааныбайм дегендери жалган

2019-11-20 20:20 1019

Айэркин Саймаитинди тааныбайм дегендери жалган. Бүгүн мындай жооп менен КР ЖКнын депутаты, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов чыкты. Ал журналистке жооп берип жатып, киши колдуу болуп көз жумган Айэркин Саймаитини бийликте тургандар  жакшы билерин айткан. Тааныбайм дегендери  жалган деди. Анын айтуусунда  Саймаити Ош шаарында көп жыл жашаган. Ал эми өзүнө айтылып жаткан сөздөрдү, видеону тараткандарды, бетине келе албай коркоктук кылган,  коркоктор деди. Алтынбек Сулаймановду каралоодо кандайдыр бир күчтөр бар. Бирок ал күчтөр дагы артынан сөз жүргүзгөндөр.  Эске сала кетсек КР ЖКнын депутаты  Төрөбай  Зулпукаров  Саймаитини  өмүрүмдө көргөн эмесмин деген. Мүмкүн А.Сулайманов ушул депутатка карай  сөз ыргыткандыр . Шайлоо алдындагы тиреш башталды.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү