2019-12-0905:57

Обондуу созгон менен трайбалист Түгөлбай Казаков.  

2019-11-20 20:24 1183

Обондуу созгон менен трайбалист Түгөлбай Казаков. Чыгармачыл адамды чыгармага эле коюш керек окшойт. Себеби, чыгарма башка, мамлекеттик иш такыр башка. Обончу Түгөлбай Казаков агабыз бир жылдан ашып-ашпай маданият, маалымат жана туризм министри болду. Ошол болгондо өзүнүн трайбалисттик кадамын, өпкөсүн көккө көтөргөн мүнөзүн жалпы агартуу тармагында иштегендерге иш жүзүндө көрсөтүп койду. Министр кезинде жанындагы орун басарларын Б.Секенов, Ф. Бекмаматов, Б.Ноорузбаева , А. Жаманкулов, М.Бектеналиевдерди жанына үйүп алды. Фарид Ниязов, шопур Икрамдын көлөкөсүнөн коркуп бир топ жетекчилерди алардын буйругу менен кызматтан алды , кээде аларды колдоп маданияттын бешигинен бели чыга элек келбеттүү келинге эмгек сиңирген наам берди. Наам берүү жөнүндө мыйзамды уруп ойногон жок. Башкысы ага шопурдун көз карашы болду. Областтык телерадиокомпаниялардын бардык жетекчилерин кызматтан дайыны жок алып, бир гана Таластагы телерадиокомпаниясынын жетекчиси пенсионер-ардагер Эрмек аксакалды калтырды. Акырында билим академиясындагы илимдин докторлорун чыркыратып “Мумия” маселеси менен кызматтан кетти. Көрсө “Мумия” Таластык эмес Баткенден болуп Баткенге коюлду. Мүмкүн “Мумия Таластан табылганда, табылга боюнча музейде кала бермек. “Мумия” жөнүндө түшүнүк жок Казаковда” –деп журналист Кубан Мамбеталиев тура баа берген.

 


автор: Баян

Бөлүшүү