2019-12-0905:53

Маданият куурады, ден-соолук жабыркады,билим талкаланды  

2019-11-21 13:00 488

Маданият куурады, ден-соолук жабыркады,билим талкаланды. Анда-санда ачык айткан депутаттарыбыз ушинтип күйүп-бышып келет. Бирок, аны уккан бирөө барбы, ал башкы маселе. Жогорку кеңештеги комитеттердин жыйынындагы жыйындуу сөздө ушундай кабыргасынан коюлган маселелер көтөрүлүп чыкты. Анткен менен, көккө сапырылса да сапырындыдан бир сап сөз жок. Айтылган, айтылган жерде калды. Маданият министрибиз Азамат Жамангулов дагы Фариддин идеясын ишке ашырып жатса, кол алдындагы маалымат департаментинин 81 млн сомду сугунуп алса, маданияттын куураганы ошол да. Билим берүү министри Каныбек Исаков мырза келээри менен окуучулардын бири-бирин канжалатып мушташкандары көбөйдү. Кече эле Аксы районунан окуучу кыздары, баш жакка тепкилешип жакалашты. Билимде билим гана эмес, адептүүлүк да талкаланды. Жугуштуу оорулар жугуп жатса министр Космос Чолпонбаев боор оруулар көбөйсө боорго тээп космосто жүрөт. Бишкек шаарында топ өспүрүм балдардын төпөштөшкөндөрү чыкса, Жалал-Абаддын Аксы районунда топтошкон кыздардын мушташканы чыкты. Чак түштө милицияга бычак менен тап берген жаран кармалды. Мындай темп менен кетсе мамлекеттин мамлекеттүүлүгү кайда барат. Бул да болсо кадр маселесинин кесепети.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү