2019-12-0906:47

Депутаттар журналистерден жашырынса, министрлер артын карабай качат  

2019-11-21 13:24 213

Депутаттар журналистерден жашырынса, министрлер артын карабай качат. Акыркы учурда жаны тынбай сүйлөп сүйлөп жүргөн КР ЖКнын депутаттары сөзгө каламбы деп тынчып эле калышты. Кээде сүйлөгөн сөздөрүнөн “cөөмөй” чыгып кетсе, кээде “сөл жыландай” жылып кетет. Популярный болуп эрденгендери да, популяция болуп кетип, сөз ээринен шыпырылгандар болду. Терминдерди тепчип да айталбагандар чыкты. Кыргыз болуп төрөлүп, эне тилин сүйлөй албагандардын саны да арбын. Өз тилин жээригендер анан кантип кыргыз элинин өкүлү болсун. Сөзгө келгенде чимкириктери аккандары да бар. Ал эми министрлер айтаар сөзү жок, журналистерди көргөндө акырын жылып жөнөшөт. Жөө жалаң качып чуркагандар да бар. Чынында эле кылган иштери жок, эмнени кылдым деп айтышат. Күн өткөзгөн күн карама министрлер. Журналистердин маегинде өкмөт мүчөлөрүнө караганда эксперттер көп маек беришет . Министрлердин барган жерлери, убактысын алгандар: өкмөт, ак үй, көк үйлөр. Тапшырма алганды гана билишет, сунуш бергенди билишпейт.

 


автор: Баян

Бөлүшүү