2019-12-0905:53

“Азаттыктын” азаттыгына асылгандар көбөйдү

2019-11-26 14:45 171

  “Азаттыктын” азаттыгына асылгандар көбөйдү.Азаттыктан 700 млн доллардын Кыргызстан аркылуу  чыккандыгы боюнча  эфирден берүүсүнө, жөнөкөй   калк , жаштар, чет өлкөдө  жүргөн  мигранттар колдоого алса, өлкө ичиндеги кызматта иштегендер колдоо көрсөтпөгөндөй. Азаттыктын   Матраимовдор  боюнча билдирүүсүнөн кийин, ак үй алдында миңге жакын жаштардан турган  “реакция” митинги өттү. “Реакция” митингине реакция  кылып  ак үй, көк үйдөн эч ким чыккан жок. Көбүнчө келген келечек  муундар “Раим  камалсын” деген уран  чакырык менен соцсеттерде билдирип жатышса, КР ЖКнын депутаттары, мамлекеттик маалымат  каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер, Бек Борбиев баштаган ырчылар “Азаттыктын” азаттыгына  асылышты. Кайсы эркин редакция, кандай эфир  берет ал өзүнүн сөз эркиндиги “эмне үчүн муну  бербейсиңердин ордуна,эмне биз бербейбиз” – деген сөздү өздөрүнө берсе. Бышкан аштын кожоюну көп болду. Айта кетсек, буга чейин эле  Раиммиллион  жөнүндө эл арасында ар кандай кептер аралап жүргөнү арбын.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү