2019-12-0905:53

Азаттык Атамбаевдин мезгилин көрсөттү

2019-11-28 12:04 168

Азаттык Атамбаевдин мезгилин көрсөттү.  Мындай билдирүүнү “Азаттык” радиосунун Бишкектеги  бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Касымалиева айтты. Анда 2013-2017- жылдардагы  Алмазбек  Атамбаевдин убагындагы бажы системасындагы  жемкорлукка  жем таштаган. Ошол учурда Раим Матраимов  “Раиммиллион”  деген каймана атка ээ болгон. Мурун  “Азаттык” радиосунда  иштеп, азыркы тапта 5-каналдын  баяндамачысы  Нарын  Айыптын айтуусунда. “Азаттык”  журналисти Али Америкадагы  бирөөнүн колун Кыргызстандагы бажынын  коррупциялык системасына  байланыштарып, иликтөө жүргүзгөн. Бул жерде  жасалма  документациялар коррупциялык документ катары эфирде көрсөтүлгөн. Журналист  Нарын Айыптын айтуусунда “Азаттык” тиешеси жок бирөөнүн колу менен көпчүлүк көрүүчүлөрдү “башүртмөгө” салган. Бирок кандай болгон учурда да Бажы системасындагы коррупциялык схеманын бети ачылган. Азаттык бул боюнча токтобой, дагы иликтөөлөр  жүрөрүн  билдиришет. Ал эми бүгүнкү Парламенттик жыйында өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев Азаттыктын  эфирин колдоого аларын бирдирди.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү