2019-12-0905:52

700млн доллардын чыры жөн калбайт.   

2019-11-28 12:56 119

700млн доллардын чыры жөн калбайт. Азаттыктын берген эфирин Өкмөт көзөмөлгө алат. Жарандык коомдун пикирин колдоп, атайын топтордон тизмектелип коомдук комиссия түзүлөт. Муну өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазыев бүгүн Парламенттик жыйында билдирди. Анын сөзүндө миллиондогон акчалар каяктан каяка кеткендиги териштирилип, мындайга экинчи жол берилбей бажы постторунда көзөмөл күчөтүлөт. Постторго онлайн желеси менен көрүп туруучу 10млн долларга электрондук жабдыктар коюлат. Посттон өткөн товарлар адамдык факторлордон алыстатылып , электрондук көзөмөл системасына өтөт. Өтүп жаткан товарлар, кабинетинде отурган Бажы жетекчисинин электрондук көзөмөлүндө болуп турат. Учурда өкмөт башчысынын айтуусунда 472 жерге видеокамералар коюлган. “Ак Тилек”, “ Чоң капка”, “Чалдыбар” постторунда өткөрмө товарлардын салмак көзөмөл комплекстти курулат. Мындай автоматташтырылган жабдык капчыкка катып алган жемкорлорго жем кылбай бөгөт коюлат.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү