2019-12-0905:52

Азамат Жаманкулов жылаңач кыздар көргөзмөсү.

2019-12-02 13:57 833

Азамат Жаманкулов жылаңач кыздар көргөзмөсү.Көчөдө денесин саткан жылаңач кыз –келиндер искусство музейин аралап кирип келдиби… Же болбосо, бул жылыңач келиндер каяктан музейди аралап жүрүшөт. Бул кызык окуя ,олутту окуяга айланды. Маданият, маалымат жана туризм министирлигинде дагы чыр чыгып, коомчулукту дүрбөткөн дүрбөлөңгө салды. Ал чырдын чыгышы маданият министирлигинин имаратынын астында акция менен жуманын биринчи күнүндө башталды. Бул акция дагы уланаарынан кулак кагыш калынды. Чырдын чыгышынын себеби, Бишкек шаардагы Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство көргөзмөсүнүн музейинде жалаңач кыздардын энеден туулма жүргөндөрү, буттарын жайып ичеги арткандары калкты-элди көтөрүп жибергендиги болгон. Акцияга катышуучулардын билдирүүсүндө министр Азамат Жаманкуловдун убагында маданият жаман өңүттү баштады. Акциянын катышуучусу Назира Бегимдин айтуусунда, министр Азамат Жаманкулов билмексенге салып актанып , жылаңач жүргөндөрдү, турсийлерин илген жиндиликти билбей калышы бул уяты жоктун белгиси. Акциялардын катышуучулардын талабында музейдин директору Мира Жангарачеванын кеткени менен гана чектелбестен Азамат Жаманкуловдун жоопкерчилигин кароону да талап кылышты. Бул жөнүндө өкмөт башчы М.Абылгазиевге билдирерин белгилешти. Министрдин айтуусунда мындай жорукту бир дагы министдин кызматкерлеринин кабары болгон эмес. Демек алдын-ала чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес.

 


автор: Баян

Бөлүшүү