2019-12-0905:53

   Өкмөт башчынын башына чыккан чыйкандар.

2019-12-02 14:53 103

Өкмөт башчынын башына чыккан чыйкандар. Абылгазиев өкмөт башчы болгондон бери бир дагы жарытылуу министрге жараган жок. Анын натыйжасы жараталуу иш жасалган жок. Маданият министринде көчөдө туруп денесин саткан жылаңач кыз-келиндер музейге кирип денесин көргөзмөгө алып чыгыштыбы! Мындай көрүнүш маданият минитрлигин жаман көрсөтмөгө күмөн туудурду. Бул Жаманкуловдан жаман көрүнүш болду. Кыргызалтын концеринин жетекчиси А.Алымбеков алтынга жарыбады. Анда капчыктуу коррупция жыттанат. Саламаттык Сактоо министри К.Чолпонбаев ооруну сакайтпай эле, оорунун ырбаткан ырбаткер министр болду. Жол министри Б.Бейшенов жол жок министр аталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ичинде өзгөчө кырдаал түзүлдү. Билим берүүдө билгичтик дагы эле болсо билине элек. Элчилик болсо 10000миң долларга кызматтык машинени ижарага берип жүрөт. Кылмыштын бетинде биринчи бетте жазылып жатат. Ич ара сүйлөшүүлөр, жең ичинен бычкандар көбөйдү. Өкмөттө дагы эмнелер чыгат алар адатка айланып бараткандай. Мындай узун жол качан учун кыскартат , ал күмөндүүлүктү жаратууда. Кадр деп койгон менен адис жок. Жарыбагандардын айынан жарыбаган өкмөт аталды.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү