2020-08-0618:57

 Аскар Салымбеков Кытайга салым кошот  

2020-02-05 11:58 329

Аскар Салымбеков Кытайга салым кошот. Кыргызстан өлкөсүнүн миллиардери , миллиарддан ашкан калкы бар Кытай өлкөсүнүн саламаттыгына салмак баспаса да , басып барып кошумчасын кошот. Мындай саамалыкка Кытай мамлекетинен “Короновирус” жугуштуу оорунун чыгышы себеп болгон. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мүмкүнчүлүктү коё бербей, мүмкүн дагы башка жагдайы бардыр. Анысын ким билсин? Айтор, Аскар байкебиз 50миң беткап Кытай өлкөсүнө жөнөтүп жатыптыр. “Темене берип, Төө ал”- деген кыргызда кеп бар. Беткаптын аркасында кандай Аркан ташталгандыгынын бети кийин ачылаар. Кандай болгон күндө да бул көңүл. Кытайдын көңүлүн алып, кыргыз элинин көңүлүн бурдурган Салымбеков салым кошкон кошумчасы менен өз элин таң калтырып турган чагы. Жакында өзү туулуп өскөн Ат-Башы районуна, Кытай менен чектеш жерге, эки мамлекеттин ортосундагы чек арага логистика ишкердик борбору курулат. Буга Аскар Салымбековдун таманы жер жыттабай, анын курулушуна жан үрөп турган учуру. Бул жагдайда эл арасында эки ача ой жаралып келет. Ортодо миллиардер агабыз ортомчулугун аткарып жатат.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү