2020-08-0619:48

Былтыйгандарга, акмактарга, шерменде кылгандарга кандай чара көрүлөт      

2020-02-05 13:06 322

   Былтыйгандарга, акмактарга, шерменде кылгандарга кандай чара көрүлөт ? Өлкө башчы Сооранбай Жээнбеков жең ичинен иш алып, сыртынан Тотукуш болуп, кызматына куштар болуп отургандарга ачык эле айтты: “Отурасыңар балтыйып, не деген акмакчылык, шермендечилик” – деп. Эми айтылган сөз айтылган боюнча калабы же сөз менен иш айкалышып аягына чыгабы. Бул бүгүнкү күндө эл тарабынан күтүлүп жатат. Мамлекет башчынын ачуусу келип, ачууга алдырганы прокуратуранын, соттордун жемкорлорго жемин жедирип, алар менен табакташ болуп, камалып турган абактан чыгып жатканы ачуусуна тийген. Келип, андай сөз өзүнүн башына тийип жатканында жашырган эмес. Чындыгында өтө кылмышка шектүү корупционерлердин абактан бошотондука чыгып жатканы ачык эле көрүнүш. Алардын атын атабаса деле элге аттын кашкасындай белгилүү. Шектүү шек жаратат. Өлкө башчысынын айтканына караганда анын кимдир бирөөлөргө шеги бардай.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү