2020-08-0618:46

Кыянбектин кымырган акчалары кымпыйып калабы…

2020-02-11 11:58 419

Кыянбектин кымырган акчалары кымпыйып калабы… Мурунку Кыргыз  Өкмөтүнүн  Жалал – Абад областынын  атайын  ыйгарымдуу өкүлү  Кыянбек Сатыбалдиевдин жең ичинен  кымырган акчаларынын башы чыкса да баш аягы жок кылынып, ички иштер кызматкерлери  тарабынан  жабылып  калган. Анда өлкө башчысы  Сооронбай  Жээнбековдун  коопсуздук кеңеште байма – бай жемкорлукка  каршы  сүйлөп жатканы дал келбейби… Өлкө башчысынын койгон тапшырмаларын аткарбай жаткан Жалал – Абад областынын укук коргоо органдарына чара көрүү  тапшырмасы да келип  чыгышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүгүн коё бербеген Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн губернаторлук тактысынан пайдаланып Майлуу – Суу шаарындагы Көк – Таш балдар бакчасынан 846 миң сом акча  боюнча козголгон кылмыш ишин 2019-жылдын июль айында кыскартканга  жетишкен. Көк – Таш балдар бакчасынын капиталдык  ремонтуна  бөлүнгөн  акчадан 846 миң сом жээлип  кеткени аныкталып  дефект  актысы түзүлүп, кылмыш иши козголгон. Ал Майлуу – Суу шаарында К.Сатыбалдиев мэр болуп турганда ачылган. Балдардын  үйүнүн   ремонту  сапатсыз  бүткөн, эки башка баада эки жолу тендер өткөрүлгөн. Керектелүүчү товарларга жогорку баалар коюлуп  кымырылган  акчалардын  эсебин койгонго аракет кылынган. Майлуу- Суулуктардын талаптары  жоюлуп кеткен кылмыш иши калыбына келип, кайра жандануусун  коюуда.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү