2020-08-0618:35

Ата Мекен саясатты, СДПК бийликти жүргүзгөн партиялар

2020-02-11 12:27 303

Ата Мекен саясатты, СДПК бийликти жүргүзгөн партиялар. Башынан баштасак, башынан эле Ата-Мекен, СДПК партиялардын программалары, идеологиялары, көз караштары, принциптери, милдеттери бирдей. Учурда Ата-Мекен партиясы гана өзүнүн партиялык жолдогу жолдомолорун жүргүзүп келе жаткан жалгыз партия. Бийликтин бетине айтып, ошону менен бирге мамлекеттүүлүктүн саясатын жүргүзүп келет. Башка партиялар баш-аягын таппай жатса, Ата-Мекенчилер жер-жерлерде зал толо конференцияларын өткөрүп турган чагы. Акыйкаттуулукту ачык айтып калк арасында кадыр-баркка жетти. Эгемендүүлүктөн бери эгемендүүлүгүн эч кимге бербей келаткан Ата-Мекен партиясы. Ал эми ушундай эле СДПК партиясы социалисттердин тарыхын кайталап жатат. Илгерки Коммунисттердин Большевик, Меньшевик болуп бөлүнүп кеткен сыяктуу, бул партия дагы көпчүлүк Абдырахмановдун, азчылык Атамбаевдин партиясы болуп турган учуру. Учуру келгенде Сагынбек Абдырахмановдун көпчүлүгү партияны колго алгыдай. СДПКдан үч өлкө башчысы чыккан. 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү