2020-08-0619:29

КТРК артка кетти   

2020-02-13 12:39 343

КТРК артка кетти. Өзөгүнөн баштап тамыр жыйылгандан бери КТРК “Кара жащик” аты өчпөй, улам ал тарыхын кайталап, жаңыртып турат. Күндөн күнгө эске салып көнүмүш адатын адатка айлантып, айланкөчөк айланганы айланган. Аманбек Карыпкуловдун “кара жащиги” өткөн жылдарда “Белизгейтти” менен Илим Карыпбековдун жарыя салганы дагы бир жолу эске салды. Мындай жалган маалыматтар коомдогу саясатчылардын, ишмерлердин, жарандардын, дегеле карапайым адамдардын жүрөгүнө далалат келтирип, ден-соолугуна, анын адамдык аброюуна залакасын тийгизди. Илим Карыпбеков “Белизгейт” материалын ошол кездеги СНБнын жетекчиси Абдил Сегизбаев берди дегени менен эфир Карыпбековдун көзөмөлүндө болгон. Бул жерде Илим Карыпбеков күнөөлү. КТРКнын бүгүнкү күндө абалына көз чаптырсак, күн сайын анын көрүүчүлөрү азайууда. Спорт каналынан Ангилянын футболунун көрүүчүлөрү көрүп калчу эле. Ал дагы январь айынан бери токтоп турат. Эфирден элдин көйгөйлөрү эмес өкмөттүн көрсөтмөлөрү көп көрсөтүлүп келет. КТРКнын жетекчилиги чиновниктик креслого айланды.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү