2020-08-0618:29

      Былтыйгандар кетпесе былгып кетмек болду  

2020-02-13 12:49 347

Былтыйгандар кетпесе былгып кетмек болду. Өлкө башчысы Сооранбай Жээнбеков коопсуздук кеңеште былтыйып отургандар шерменде кылганын шердене айткан жери бар. Бул жумада Былтыймалар чекесинен кызматынан кете баштады. Анын анабашчысы өкмөттүн вице-премьер-министри Жеңишбек Разаков болду. Чындыгында иштин көзүн билбей интрига чыгарып былгытмалар көбөйүп бараткандай. Анан эмне кылышат, ишин билбесе жок дегенде бирдемеден-бирдеме чыгарып иш кылып туруш керек да. Мамлекетке кереги жок мамлекеттик кызматкерлердин бир жылга жетпей, жабышкандарына карабай жылмышып түшүүдө. Акыркы эл толкундоолордун саны өсүп отурса өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Президеттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да кызматынан кетет деген кабарлар ак үйдө кеп боло баштады.

 


автор: Баян

Бөлүшүү