2020-08-0619:19

Иса Өмүркулов ийинге кирип кетти

2020-02-26 13:18 755

Иса Өмүркулов ийинге кирип кетти. Эки ийинин куушурултуп, далыларын жабыштырып калган СДПК фракциясынын лидери Иса акебиз эч нерсени чечпей калды. КР ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаев айткандай Иса Өмүркулов четтеп, чекесинен келген министрлер коалициясыз чечиле баштаган. Анда көпчүлүк коалициянын эмне кереги бар эле деген суроо жаралат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт курамын сунуштаган менен, келген министрлер Президенттик аппараттан келип жатканы ачык эле көрүнүш экенин, депутаттар тарабынан айтылып келүүдө. Акыркы учурларда кайсы партиядан келгендери деле белгисиз боюнча калууда. Суроо туулат: Өзүнүн пикирин сунушун, айта албаган эл өкүлүнүн кереги барбы?....

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү