2020-08-0618:20

Бийлик киритке чапкан өлкө кадрлары

2020-02-26 13:21 313

Бийлик киритке чапкан өлкө кадрлары. Акыркы учурларга саресеп салсак, тажрыйбалуу кадрлар иши жок сыртта калгандай. Ошондой эле 50 жаштан 65 жашка чейинкилерди бийлик эмитен эле аларды карылыкка чыгарып койгондой. Баарынан кызыгы министрлердин кеңешчилери 20 жаштан 30 жашка чейинки иштөө тажрыйбасы жок жаштар. Ушулар кантип кеңеш берет түшүнүксүз. Эмне үчүн, тажрыйбалуу саясатчы Ишенбай Кадырбеков өлкө башчысынын кеңешчиси болсо жарашпайбы. Камчыбек Ташиев, Темир Сариев, Адахан Мадумаровдор министр болсо ылайыгы келбейби. Өлкөнүн келечеги үчүн бардык күчтөр менен биригишип күч бирдикте болгону жакшы го. Амбицияны токтотуп, келечекти, өнүгүү-өсүү амбициясы ылайык келип турган учур. Ушунун айын 120 депутат 120 кой, өкмөт түкүрүк атка конду. Бул уят нерсе. Кадрларды кароого убакыт келди.


автор: Баян

Бөлүшүү