2020-08-0619:09

Баш аламандык башыбызга тийеби

2020-02-27 13:22 348

Баш аламандык башыбызга тийеби. Илгери башчыдан баш көздүк кетсе, көзөнөктөй болуп ар кайсы жерден, жер тешип чыккандар болгон экен. Анысыңары, азыркы тапта жер-жерлердеги эл чогулуп митингдердин өтүшү эмнеден кабар берет, эмнеге алып келет. Ушуга чекит коё турган барбы ? Өлкө карызга белчесинен батты, ага башын чагып койгон бир күч жок. Бир гана Өмүрбек Текебаев менен Акылбек Жапаровдар ойлорун ортого салып өкмөт башчы М.Абылгазиевди жарга такап келишет. Ал Жардан оңойу менен учпайм деген өкмөт башчы кенебей, чиренгенине таянып келет. Куучирендике алып келди окшойт. Инвесторлордун келбей кетип жатканы, бул Абылгазиевдин өкмөтү иштей албай, эл менен ажырым болгону. Эгерде өкмөт толугу менен отставкага кетпесе болбой калды. Чырдын башы ушул өкмөт башчы М.Абылгазиевден башталбаса болду.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү