2020-08-0619:42

Революция сабактары сабак болгон жок. 

2020-03-25 00:06 125

Революция сабактары сабак болгон жок. Акыркы он беш жыл аралыгында эки революциянын болушу биздин өлкөбүзгө сабак болушу керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок.2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияны төңкөрүш болду дегендер да чыкты. Канткен күндө да мында карапайым калк көтөрүлүп чыгып, Акаевдик үй-бүлөлүк бийликти революциялык жол менен алынган. Талаш-тартыштагы тактыкты тарых ордуна коет.Бул күнү жаңы бийликтик команда келип иштей баштады. Бирок ал кандай иштеди, ал башка бийликтин маселеси болду. Россиянын Президенти В.В. Путин айткандай: "келген бийлик Акаевдин жолу менен кетти". Эки революциянын өткөн жолунда революционерлер бааланбай жолдо калып, баягы эле жолду жемкорлук жол таап, коррупциялык өлкөдө-өлкө кадры болуп чечүүчү маселеде маселе чечкендер ошолор болуп келүүдө. Мына революция бизге сабак болбой, сабатсыз болуп жатканыбыз ушунда...Бир революцияны барктап, экинчисин барктабай жатканыбыз терс көрүнүш деп ойлойм.2005-жылдын 24-марттагы элдик революция дүйнөлүк демократияны элдин эркинен кабар берет. Үй-бүлөлүк кландыкка, жээн-жаттарга, куда-сөккө, дос-тамырга,трайбализмге, кадрдык таанышка каршы турган революция болгон. Бул революциянында сабактары бар. Эстен чыгарбай эске салып жүрөлү...Кансыз келген революциянын сабактары сабак болуп урпактарга окулуп калуусу зарыл


автор: Максат Жээналиев

Бөлүшүү