2020-08-0618:40

Өкмөттү оор кырдаалдан А. Жапаров алып чыгып кетеби... 

2020-04-20 14:58 1410

Өкмөттү оор кырдаалдан А. Жапаров алып чыгып кетеби...Акыркы күндөрү абалы чатак өкмөт отставкага кетеби деген суроо эл талабынан коюлуп келген. Акыбалды дүйнө жүзүн каптаган "короновирус" вирусу Абылгазиевдин чабалдыгын көрсөттү. Чет өлкөдө иштеген мигранттардын каралбай калышы огош бетер кырдаалды курчутту. Андан кийинки өлкө акыбалы бүдөмүк калды. Өлкө экономикасы туңгуюкка кептелди. Мындай кырдаалдан чыгууга М. Абылгазиев баштаган өкмөттүн кризистен чыгуу программасы жок. Ушундай шартта өлкөнү чукул абалдан чыгууга Акылбек Жапаров экономист катары өзүнүн программасын алып чыкты. Анын айтуусунда өлкө башчы тарабынан ишеним көрсөтүлсө туңгуюктан жети ай ичинде чыгып кетет. Акылбек Жапаровдун көп жылдан бери топтогон иш тажрыйбасы ушунда ишке ашчудай. Бирок убакыт көрсөтөт.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү