2020-08-0619:33

       «ӨЗ СӨӨГҮМ КЫРГЫЗ ЭЛЕ, ОШОНДУКТАН КҮЙҮП АЙТАМ!»

2020-04-25 16:23 340

                               (Осмонаалы Сыдык уулу,-социалистик доорго чеинки кыргыз тарыхчысынын сөзү.)                      Бул макаланын сөз башы 1992-жылкы президенттин буйругу менен «Кыргызалтын» концернин                                           түзүлүшүн эске алуу менен болду.Анын багыты кыргыз элинин баалуу металлдарын,баалуу таштарын өндүрүп,улуттук банкта алтын,күмүш ж.б.корун түзүү болучу.Ошондой максатта Карабалта уран кенин иштеткен, Орловка баалуу металдарды байыткан бир нече тоокен  ишканалар биригишип иштеп башташкан.Кыскача айтканда бүгүн кандай абалда турабыз,бул улуттук «буйрук» аткарылдыбы? Биз жок,аткарылмак тургай «буйрук» банкрот болду деп,айта алабыз. «Кыргызалтын» концерни 1999-жылдан «Кыргызалтын» ААК айланып иштеп келүүдө.Бул мамлекеттик ишкананын менеджементи 2015-жылдан бери профессионал кадрлардан ар түрдөгү кесипкөйлөргө алмашты.«Кадрлар баарын чечет» деген сөз «жокко» чыкты.Акыры СССР учурунда 1985-жылы ачылып алтын алып жаткан «Макмал» комбинаты 4-жыл социаллдык мекеме болуп иштеп, 2018-жылы сентябрда токтотту.Терексай алтын байытуучу рудниги чыгаша менен иштеп келип, 2015-16-жылдары түрк инвесторлоруна өтүп, курулуш иштери жүрүүдө. Солтон-Сары алтын байытуучу чакан рудниги айына 20т. айланасында концентрат өндүрүп,чыгаша менен иштөөдө.(Бул боюнча 2015-жылы биргелешип иштетүүгө  сунуш болгон эле.)Ювилердик цех алтын,кумуш болбосо иштебейт да?. Коомдогу Кыргыз деңизи санаториясы,Балыкчы автоунаалар ишканасы,Курулуш ишканасы өз жандарын багып жүргөнсүйт.2017-жылдан берки кыргызалтындын жылдык отчётторун көрүп,кирешелүү отчёт болгонуна таныркоого болот.Эгерде 263.7 млн. таза киреше болсо, иштеп аткан Макмал же Солтон-Сарыны өздөрү өнүктүрө бербейби.Менеджменттик келишим,аффинаждан түшкөн %, биргелешкен инвесторлордун эсебинен түшкөн налогдук жана налогдук эмес чегерүүлөр,жана башка кызматтарын көрсөтүп  кутулуп жатышат. (Биргелешкен ишканалар менен болгон мамилелер өзүнчө маалымдалат,аларда Кыргызалтындын салымы жок.) Накта кыргыз алтыны өндүрүлүп, Улуттук банкта алтын кору болгондо азыр инфляцияга,короновируска акча суранбай туруштук болот эле го. Правление төрагасы Алымбеков Алмаздын учуру Сариевдин,Исаковдун,Абылгазиевдин өкмөттөрүнө туура келүүдө.Бир да өкмөт ишти кылдат карап, жакшы жаман деген жок. Акыркы беш-алты айда эле пресса,медиа жана интернетте,жеке адамдардан,коомчулуктардан,райондордон түшкөн арыздар,статьялар,далилдүү кайрылууларынан (биздин маалыматыбыз боюнча 5 газета,4 жолу) интернетте каталыктары, кемчилдиктери жарыяланган.Макмал менен Солтон-Сарыдан ачык эле алтын  талашып уурдап , «чогулушта» уурулук далилденип жатса да басылып келди.Макмал комбинаты жабылаарда 2018-ж.Каргаллык айылынын депутаттары  алтын өндүрүшүнүн жыйынтыгын карап 326 кг жетпей калып өкмөткө,Эсеп палатага сессиянын атынан кайрылса да былк эткен орган жок.Ал эми 2018-жылы курулуп бүтө электе алтын ылгоочу фабриканын өрттөлгөнүнө катыштыгы болгон кыргызалтындын жетекчиси Алымбековдун,орун басары Каниметовдун, макмал комбинатынын жетекчиси Дыйкановдун үстүнөн укук коргоо органдарынын баардыгына элди көтөрүүгө 90 миң доллар таратылган кайрылуулары инвесторлордун үмүтү үзүлдү. (аудио жазуулар тапшырылган).Азыркы мезгилде чындык чыркырап жеңилип,көз боёмочулук кылгандардын жашоосу өтүп калган экен дейсиң?! Тетирисинче, бөлүм начальниги Каниметов Н. -төраганын орун басарына көтөрүлүп,Макмалдан алтын уурулугунан кетирилген деректири К. Дыйканов Солтон-Сары руднигине деректири болду. «Алымбеков өтө чоң кырышага ээ» деген эл арасындагы сөз чыңга айлангандай!   

         «Кыргызалтын» өндүрүүчү эмес, «жармакташкан ишканага» айлангандыгын,анын проффилдүүлүүгүн мыйзам чегинде аныктаган бийлик бутагы барбы?! Президент кана точка коёт деген  багыт менен сизге,   Урматтуу Сооронбай Шарипович кайрылдык!                                                                                                               


автор: Укук когоочу К, Булатов.,тоокенчилер Жээналиев М.,Базаркулов Т. 24.04.2020-ж.

Бөлүшүү