2020-08-0618:31

Күчтүүлөр биригеби ...

2020-06-04 14:28 3183

Күчтүүлөр биригеби. Ушундай маалыматтар шамалдын желиндей желпип тарады. Элдин кыйналып кеткендигине көз салып "көзүрлөр" көз алдымда калтырбай баш кошконду колго алганга калдыбы ... . Алардын башында бир буту абакта турса да эч нерседен тайманбаган "көк жал" Ө. Текебаев тургандыгы айтыла баштады. Экс президент Р. Отунбаева кыйынчылыкты калкы башы менен кечирип турганын көрүп туруп баш тартбасын, тилине тибиртке чыккыр, чечен А. Мадумаров азыркы бийликке кыжырдануусу менен, учурдагы ак үйдөгүлөргө ачык айта албаса да "чимкириктерге" мурдун чүйрүп турган Т. Сариевдин да кошулаары, ондон ашык кылмыш иши козголгон Ө. Бабанов кылтыйып турганы, келечеке үмүт артып, азыркылардан үмүт ашуусу жок экендиги билдирип турган Ж. Акаевдин айткандарына караганда, кыргыз мүнөз Кара-Кулжалык Д. Чотоновдун соттордун кишенинен бошотпой жаткандыгы менен, бардык күчтөр чогулуу алдында тургандыгы эл арасында айтылып аралап жүрөт. Эгер булар бириксе "чоң күч" болору анык. 


автор: Баян

Бөлүшүү