2020-08-0619:23

"Чоң казат" К. Бакиевдин касапчыларыбы ....  

2020-06-04 15:21 273

"Чоң казат" К. Бакиевдин касапчыларыбы ....  Мындай күмөндүүс сөздөр күбүр-шыбырга айланды. Көпчүлүктүн көбүрткөнүнүн  жарымы чын, жарымы төгүн болушу мүмкүн. Кантсе да саясат сасып турганы чындык. Айтылган кептер чыгып жаткан жарыялардын аркасында ким турат деген сөздөр жарандардын арасында жамгырдай жаап турат. Бири-бирин аңдышып, көз салып "аңчы" ким болду экен деп суроолор туулуп жаткан кербези. Кимдер "Чоң казатты" күүлөп күүгө салып жатат? Акыркы кабарларда аларды КР ЖКнын депутаты Динара Исаева каржылап, калкалап турат деген кабарлар чыгып кетти. Чоң казатчылар чыккандан кийин, К. Бакиевге кечирим суроо кат барды. Ага ыраазы болгон качкын Курманбек Бакиев кыргыз элине кайрылуу катын жолдоду. Ал катта: анын жолу таза, таза жолду булгагандар башка деп жолдоду. Эмнегедир Курманбек Бакиев, анын тарапташтары ойгонду. Ушундай учурда жаман ой кетет. Мүмкүн КР ЖКнын депутаты К. Жумалиевдин, Р. Аманованын амалкөй ойлору ойкып-кайкып ар кайсы булактарга арык салып жаткандыр....


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү