2020-08-0618:24

Сокулуктагы Гавриловка айыл өкмөтүнө кылмыш иши козголду.

2020-06-04 16:22 1641

Сокулуктагы Гавриловка айыл өкмөтүнө кылмыш иши козголду. Колго тийген"коёнду" коё бербес болду. Ушундай аңыз кептер айылды аралап, ага район акими Асылбек Сатыбалдиев каңырыгы түтөп арачага түшүп жатканын кулак кагыш кептер тарап жаткан учуру. Бизге жеткен маалымат кылмыш иши ачылган кагаздар боюнча Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Медер Чинарбековдун үстүнөн 9 бөлүктөн турган кылмыш иши козголгон. Алардын катарында: жер сатуу, мыйзамсыз кызматка алуу, кызматтан бошотуу, жасалма колдорду коюу, айыл өкмөтүнүн мөөрүн басуу, өз кызыкчылыгына мамлекеттик ишти пайдалануу, максатсыз иштерди алып баруу, бюджетти ашыра пайдалануу, айылдык кеңештеги төраганы шайлоодогу чыр- чатактар, мөөрдү тартып алуу маселелери кирген.                  Ал эми айылдык кеңеште дагы өзүнө ыйгарып алуу, жасалма кол коюулар аныкталган. Каза болуп калган айылдык кеңештин депутаты Бакыт Суйундуковдун колун жасалма коюп мамлекеттик кагазды адалдап жиберишкен. Бир күндө Нурсултан Бейшебаев айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланып, өзүнө- өзү кол коюп чечим чыгарган. Иштин процедурасы бир сааттын аралыгында жүргөн. Азыр жасалма кагаздар боюнча иликтөөлөр жыйынтыкталууда. Бул иштерди ак үйдөн КР ЖК депутаты Гулшат Асылбаева калкалап жатканы калк арасында айтылып келүүдө.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү