2020-08-0619:14

Бийлик-байлык байларга гана энчиленгенби?

2020-06-10 11:31 443

Матраимовдун "Мекеним Кыргызстан" партиясы. Ушундай маалымат байма-бай байыр ала баштады. Кийинки шайлоодо аталган партия ат салышып калса, жалаң капчыктуулар келери айтылууда. Биримдик партиясын "жакпаса Памирге кеткиле" деп билдирүү таратып кыргыз элин кубалаган азыркы КР ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп алып барат. Элди жекип-кекетип сүйлөгөн Мирлан мырза мурунку шефи Бакыт Төрөбаевди төрдөн алып түшүп, төрдү өзү алганбы, айтор бул дагы табышмак. Демек, "Мекеним Кыргызстан" партиясын буга чейин жергиликтүү кеңештерге каржылап, колдоо көрсөткөндөрдүн катарына Атамбаевдин шопуру Икрам Илмиянов, Аскар Салымбеков, Аюу-Шакилер келгени айтылып келет. Айтор байлар партияны элден бөлүп өзүнчө боло баштады. Ушундай басым менен кете берсе жалаң байлардын партиясы келе турган болуп калды. Бийлик-байлык байларга гана энчиленгенби?


автор: Баян

Бөлүшүү