2020-08-0618:14

Карапайым СДПКчылдарды "кидат" эткен көпөстөр

2020-06-10 12:22 372

Карапайым СДПКчылдарды "кидат" эткен көпөстөр. Айтып кеткендей чор тапан партиялаштарын көзгө албай көз көрүнөө таштап, башка "Биримдик" партиясына, бутуна туруп тамырын жайып алган көпөс-мансапкорлор карапайым жөнөкөй партиялаштарын ара жолго таштап кетишти. Буга кыжырданып отуз жылдан бери СДПК партиясынын мүчөсү Алик Бутунбаевдин билдирүүсүндө партияны уяткарып кеткендердин башында Асылбек Жээнбеков, Иса Өмүркулов, Төрөбай Зулпукаровго окшогон төрөлөр турганын баса белгиледи. " Төрөлөр төрдү булгады". Анын айтуусунда төрдү булгап туруп, башка төргө өтүп кетишкен. Азыркы учурда Сагынбек Абдырахманов баштаган СДПК чылар айылды кыдырып, жөнөкөй партиялаштары менен жолугушууларды өткөрүп "жумушчу партиялаштарын" топтоодо. Социал-демократтар бай, кедей болуп экиге бөлүндү. Бөлүнгөндөр бөлүп кетти. Бутунбаевдин дагы бир билдирүүсүндө, Кыргызтандагы жегич жемкорлорду ак үй алдындагы "Кара таш" эстелигине ысымдарын чегип жазууну сунуштоодо.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү