2020-08-0619:03

Кыргызалтын "мокочого" айланып кетти

2020-06-10 13:51 1219

Кыргызалтын "мокочого" айланып кетти. Өткөн 2019-жылдан бери "Кыргызалтын" ААКнын жетекчиси Алимбеков Алмаздын иштеги жургузгон коррупциялык, соботаждык иштери жөнүндө прессада айтыла баштагандан баштап, өчөшүп "Мен Сариевдин кишисимин "колунардан эмне келет"_деп Сариев премьер болуп тургандагы сөзүн уланта баштады. Алсак 2015- жылы кызматка келгенде Кыргызалтын өндүрүштүк циклин өнүктүрүүгө берилген Куранды девелопинг ЖЧКсынын сунушуна жооп бермек тургай, карап да койгон эмес, бир нече сүйлөшүүлөр болгону менен (каттар сакталган) комитеттеги ЖКнын депутаттарынын, Тогуз-Торо районунун акими Идирисовдун, аксакалдардын кийлигишүүсү менен токтогонго багыт алган Макмал комбинатын жандандырууга  жана көкөйгө тийип жаткан алтыны аралашкан руда, концентраттарды чет өлкөгө чыгарбай Макмал комбинатынын базасында цианид химреагенти жок иштетүү фабриканы курууга келишим түзүлгөн эле. Бирок Алимбеков сураган доллар болбой калгандыктан өзүнүн адамы Каниметов Нурдин аркылуу өрттөп жибергенге жетишти. (Азыр аудио жазуулар-90 мин $. Алимбеков уюштурган деген аудио укук коргоо органында). 2018-жылы ызы-чуу учурунда макмал алтын ылгоочу фабрикадан алтын уурдоо учуру кармалып, деректирликтен бошогон Атамбаевдин шопуру Илмияновдун өкүл баласы Дыйканов Каныбекти алгач аппаратына башкы геолог, ал эми 2020-жылы Солтон- Сары руднигине деректир кылып койду. ( Мурунку деректири Муратты"подстава" менен кетирип). Ал эми өрттө чоң роль аткарган Каниметовду башкаруучудан орун басарлык кызмат ачып которду. Өтө кызыгы ушул өрттү уюштургандар делинип, колдорунан келбеген 15 жаштагы балдар соттолушуп өмүр жолдору булганды. Өрттө калкабаш жасагандыгы үчүн Урмат Токтожумаев жакында Солтон-Сары руднигине ишке кирди. 362кг алтын 2018-жылы макмал фабрикасынан жоголуп, Каргалык айыл депутаттарынын кайрылуусун басып койду. Эмнеге бул жигит тоокенчи болбосо, эмгек жолу Сариевдин кызматка келиши менен эле башталып монстрга айланды десек, 2008- жылы эле Максим Бакиевдин учурунда эле Актуз алтын ылгоочу фабриканы рейдерлик жол менен тартып алууда такшалган тажрыйбасы бар экен! Кыска тарыхы Бакиев, Сариев, "шопур" менен байланышса азыркы учурда ким "крышовать" кылууда деген суроого  бажагейт Рысалиев Абдыкыдырдын өкүл баласы деген сөз чын болуп чыгууда...


автор: Максат Жээналиев ЕАЭБдин ардактуу атуулу

Бөлүшүү