2020-08-0619:51

Жайнак Усен уулунун абийирин кетирди

2020-06-12 12:12 500

Жайнак Усен уулунун абийирин кетирди. КТРКнын башкы директорлук кызматында бир жарым жылдан ашуун иштеп келе жаткан Жайнак мырзанын жадырап турган жеринен, тобо чачы тик турбаганын байкаган байкоочу кеңештин мүчөсү Анаш Кадырова эжебиз чындыкты айтып чыркырды. Чындыгында КТРКнын башкы директорунун башында төбө чачтан жок, айткан реформасынан жок экен. Аны көрүүчүлөрү да көрүп турса керек. Көп жылдык телерадиодо тажрыйбасы бар, диктор эжебиз Анаш Кадырова Парламенттик угуудагы билдирүүсүндө, "Жайнак Усен уулунун айткандары бүт жомок, коллектив менен иштей албай ызы-чуу жамаатка айландырып, ушак учу уланып калгандай, Москвага ак үйдөгү бир келиндин көңүлү үчүн тоголок акча коротуп барганы менен түз эфирде эфирге берилген эмес". Бул албетте ачык айтылганы, дагы кандай маселелер чыгат аны убакыт көрсөтөт. Ошондой эле КРнын эсептөө палатасынын текшерүүсүндө миллиондогон акчаларга "мамлекеттик эфир" өзүн билемдик менен берилип кеткен. Депутаттардын трибунасында КТРК кара жашиктигин баштап жаткандыгы белгиленди.


автор: Баян

Бөлүшүү