2020-08-0619:27

Т. Стамалиева өлкө башчысынын оозун жапты

2020-06-15 12:22 1988

Толгонай Стамалиева өлкө башчысын уят кылган. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жыл ичинде бир жолу журналистерге пресс конференция берип келет. Ошондо уюштуруу маселелеринде чекилик кеткенин андагы журналистер чекеден чыгып айтып келишүүдө. Маселенин өзөгүндө журналистердин тобу Толгонай Стамалиевага каршы топтошууда. Көпчүлүк жерден көп уят кылган Толгонай  айым, ошол пресс-конференцияда кирип келаткан өлкө башчысын, протоколдун негизинде, кулак кагыш кылып кабарлап айттырбай койгонунан, журналистер ордунан туруп өлкө башчысын кабыл ала алган эмес. Качан Сооронбай Шарипович ордуна келип отуруп калганда, тура калганга үлгүрүшкөн. Экинчиси, өлкө башчысы микрофонду алып саламдашканда Толгонай эжеке кошо жарышып саламдашып, өлкө башчысынын оозун жапкан. Ошону менен бирге Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жалпы катышуучуларды, журналистерди жаңы жылы менен куттуктап чыгып кетти. Ал эми журналистер тарабынан өлкө башчысын, ал жерден эч ким куттуктай алган жок. Журналистерге сөз берүүнү да уюштуруучулар тарабынан уюштура алган эмес. Мына ушундай Толгонай айымдын чабалдыгы. Уч жылдан бери мамлекеттик телеканалдар өлкө башчысы менен элдин ортосунда көпүрө болгон туз эфирди уюштура албай келишет. Кеп кыла берсе сөз көп. Айтор, мамлекеттик маалымат жеке маалыматка уттуруп жаткан учуру.  


автор: Баян

Бөлүшүү